Теги кыргызстандык Айсулуу Аширалиева Сеул шаардык кеңешинин депутаты болду

  • 2 года мурун

Теги кыргызстандык Айсулуу Аширалиева Түштүк Кореянын Сеул шаардык кеңешине депутат болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Кечээ, 1-июнда Түштүк Кореяда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. Айсулуу Ашыралиева Сеул шаардык кеңешине депутат болуу үчүн талапкерлигин коюп, жеңишке жеткен.

Аида Исмаилова Ашыралиева ар дайым элчиликке көмөктөшүп, иш-чараларды өткөрүүгө салым кошуп келгенин белгилеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты