Теги индиялык Риши Сунак Британиянын премьер-министри болду

  • 2 года мурун

Улуу Британиянын падышасы Чарльз Үчүнчү Риши Сунакты өлкөнүн премьер-министрлигине дайындады.

Теги индиялык Риши Сунак британ тарыхында эң жаш жана азиялык алгачкы премьер болуп калды.

Ал буга чейин финансы министринин кызматын аркалагап келген.

Британ өкмөтүнүн мурдагы башчысы Лиз Трасс өткөн жумада премьер-министр катары 44 күн иштегенден кийин отставкага кеткен. Дүйшөмбүдө Консервативдүү партия Сунакты өз лидери кылып шайлаган.

Эксперттер 2020-жылдын февралында финансы министрлигин жетектеп баштаган Сунак пандемияда ийгиликтүү иштегенин белгилешет. Быйыл июлда Борис Жонсондун саясатына макул болбой кызматынан кеткен.

Сунак мульти миллионер. Ал Оксфорд жана Стэнфорд өңдүү абройлуу окууу жайларда билим алган. Жубайы Акшату Мурти индиялык миллиардердин кызы. Жаңы премьердин эки кызы бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты