Тегеранда белгисиз адам Жогорку соттун эки судьясын атып өлтүрдү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 18-январда Ирандын борбору Тегеранда Жогорку соттун имаратынын жанында ок атуу болуп, эки судья каза тапты. Ок аткан адам өзүнө да кол салып, каза тапты. Бул тууралуу IRNA маалымат агенттиги жазып чыкты.

Сот бийлигинин басма сөз кызматы маалымат таратып, Жогорку соттун 39-бөлүгүнүн башчысы Ходжатолеслам Али Разини, 53-бөлүгүн башчысы Ходжатолеслам Мохаммад Мокисенин каза тапканын, ошондой эле дагы адам жарадар болгонун билдирген.

«Бүгүн эртең менен Жогорку Сотко куралчан кирип келген адам улуттук коопсуздукка каршы кылмыштарга, тыңчыларга жана терроризмге каршы узак убакыт бою күрөшүп келген эки эр жүрөк судьяны өлтүрүү планын ишке ашырды», — деп маалымат берген соттук мекеме.

Ошондой эле алдын ала маалыматтар боюнча, ок аткан адам Жогорку Сотто каралып жаткан иштерге эч кандай тиешеси жок жана соттун бөлүмдөрүнүн кардары эмес экени айтылган. Ок аткандан кийин аны кармоо аракеттери болгон, бирок ал өзүнө кол салып, каза тапкан. Анын ким экендиги тууралуу маалымат берилген жок.

Сот бийлиги бул ишти тергөөнү жана бул өлтүрүүгө тиешеси бар башка жактарды аныктоо иштери баштаганын билдирген.

Сүрөт: en.irna.ir

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты