Тегеран шаарында Кыргызстан менен Ирандын биринчи айымдарынын  жолугушуусу болду

  • 2 года мурун

Биринчи айымы Айгүл Жапарова 20-январда Тегеран шаарында өтө турган Илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын биринчи эл аралык конгрессине катышуунун алкагында Ирандын президентинин жубайы Джамиле Аламолхода менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Иран президентинин жубайы Джамиле Аламолхода Айгүл Жапарова менен учурашып, Эл аралык конгресске катышуу чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара аялдардын коомдогу ролун бекемдөөгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча алардын аракеттерин бириктирет.

Биринчи айым Айгүл Жапарова чакыруу үчүн иран тарапка ыраазычылык билдирип, алдыдагы Конгресс аялдардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгүн талкуулоо үчүн жакшы диалог аянтчасы болорун белгиледи.

Айгүл Жапарова бүгүнкү күндө аялдын ролу абдан чоң жана алмаштырылгыс экенин баса белгиледи. Кыргызстанда аялдар ар кыл тармактарда эмгектенип, коомдук турмушка активдүү катышып, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуп келишет.

Тараптар бул багыттагы мамилелерди өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн жана жогорку потенциалын пайдаланууну макулдашышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты