Театр оюн-зоок мекемелеринин жетекчилери менен администраторлору үчүн продюсердик лаборатория өтөт

  • 2 года мурун

Театр оюн-зоок мекемелеринин жетекчилери менен администраторлору үчүн продюсердик лаборатория өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

2023-жылдын 16- 22-январь күндөрү Россиянын театралдык искусство институту ГИТИС театр оюн-зоок мекемелеринин жетекчилери жана администраторлору үчүн Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын базасында продюсердик лаборатория уюштурат.
Эске салсак, ГИТИС КМШ өлкөлөрүндө театралдык жогорку окуу жайлары жана театрлар менен кызматташууга багытталган ар кандай билим берүү иш-чараларын жана долбоорлорун үзгүлтүксүз өткөрүп келет. Буга чейин алар театралдык жогорку окуу жайлар үчүн сахна кыймылы, актердук чеберчилик, режиссура жана башка көптөгөн предметтер боюнча мастер-класстарды уюштурган болчу.
Ошондой эле, алар маданият чөйрөсүндөгү чыгармачыл жана башкаруучу кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу курстарын өткөрүп, квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө атайын күбөлүк тапшырат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты