Тажикстандын УКМК башчысы августта Кабулга жашыруун барган

  • 6 дней мурун

Август айында Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов Кабулга расмий эмес иш сапары менен барган.

Ооган маалымат каражаттары кабарлагандай, ал талибдердин жогорку даражалуу мүчөлөрү, анын ичинде чалгын кызматынын башчысы Абдул Хак Васик, башкы прокурор Шамсуддин Кишми жана Армиянын башкы штабынын башчысы Кари Фасихуддин менен жолугушкан.

«Талибан» Тажикстанда террордук уюм катары таанылган жана бул сапар тууралуу Душанбе расмий комментарий бере элек. Өз булак Ятимовду Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин дипломаттары коштоп жүргөнүн ырастап, Тажикстандын Ооганстандагы мурдагы элчиси Сади Шарифинин Кабулдагы ишин улантуу боюнча макулдашууга жетишилгенин белгиледи.

Августтун аягында ирандык «Ираф» порталы Тажикстан талибдер менен мамилени жакшыртуу үчүн Ооганстанга жаңы элчисин жиберүүнү пландап жатканын жазган. Ал келгенге чейин үч тажик дипломаты консулдук кызмат көрсөтүүнү улантат.

Ооган маалымат каражаттары Ятимовдун сапары Тажикстан менен “Талибандын” ортосундагы мамилени чыңдоого багытталганын, негизги темалардын бири Душанбеде талиптердин өкүлчүлүгүн ачуу келишими болгонун ырасташууда. Бирок өкүлдүн талапкерлиги боюнча пикир келишпестиктер жаралган.

Кошумчалай кетсек, Ятимовдун Кабулга сапарынын алдында талиптердин жогорку даражалуу мүчөлөрү Душанбеге барган. Бул окуялар боюнча тажик бийлиги азырынча комментарий бере элек.

Сүрөттө: Саймумин Ятимов

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты