Тажикстандын соттолгон жарандары Баткен облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарууну талап кылууда

  • 2 года мурун

Кыргызстанда узак мөөнөткө соттолгон Тажикстандын жарандары Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусов Баткен облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарып, аларды абактан бошотууну талап кылууда.

Абдукаххоров менен Юнусовду Кыргызстандын күч органдары 2021-жылы апрель-май айларындагы чек ара жаңжалына байланыштуу кармашкан. Баткен облусунун Лейлек райондук соту аларды «Тынчтыкка каршы кылмыш жасоо» жана «Талап-тоноо» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. 2021-жылы декабрда Баткен облустук соту алардын жазаларын жумшартып, 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. 2022-жылы июнда Кыргызстан Абдукаххоров менен Юнусовду калган жаза мөөнөтүн мекенинде өтөөсү үчүн Тажикстанга өткөрүп берген. Учурда алар Яван түрмөсүндө камакта отурат.

12-январда «Озоди» радиосу Тажикстандын Жогорку сотундагы өз булагына таянып, соттолгон Абдукаххоров менен Юнусовдун өкүмдү жокко чыгаруу тууралуу арызы каралып жатканын кабарлады. «Арызда алар эч кандай кылмыш кылбаганын жана эркиндикке чыгарылышы керектигин жазышкан», – деп билдирген булак. Ал иштин башка чоо-жайын айтуудан баш тарткан.

Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусов Тажикстандын жарандары. 2021-жылдын жазына чейин Кыргызстандык Борбордук айылында жашашкан. Борбордук менен Тажикстандын Хистеварз айылын болгону бир көчө гана бөлүп турат.

Алар 2021-жылы апрель-май айларында болгон чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин кармалган. Кыргызстандык тергөөчүлөр кармалгандардын биринин телефонунан тажик чек арачылары менен бирге түшкөн сүрөттөрү табылганын билдирген. Экинчиси жаңжал учурунда кыргыз айылдарын талап-тоноого катышканы кабарланган. Алардын жакындары тагылган айыптарды четке кагып, өкүм адилетсиз экенин айтып келишет.

2021-жылы апрель-май айларындагы чек ара жаңжалында Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) каза болуп, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда болгон соңку жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, «Озоди» радиосу өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты