Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

  • 11 месяцев мурун

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди. Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Рахмон 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммиттине катышат.

Аталган иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келгени маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты