Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз өлкөсүнө келди

  • 2 года мурун

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз өлкөсүнө келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эмомали Рахмон 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. 

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. 

Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты