“Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон инсульт алды”. Текшеребиз

  • 2 года мурун

Социалдык тармактарда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон инсульт алып, ден соолугунун абалы өтө оор экени тууралуу маалыматтар тарады. “Бүгүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кайрылуу жасаш керек болчу. Бирок инсайдердик маалыматка караганда, Эмомали Рахмон инсульт алып, абалы оор болгондуктан иш-чара токтотулган”, — деп жазылган.

“Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон инсульт алды”. Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Эмомали Рахмон элине кайрылуу жасай турганы айтылган эмес

Тажикстандын президентинин расмий сайтында Эмомали Рахмон элине кайрылуу жасай турганы боюнча билдирүү болгон эмес. Ошондой эле президенттин социалдык тармактагы расмий  баракчаларында дагы Эмомали Рахмондун кайрылуу жасары тууралуу маалымат жок. Тажикстандын TopTJ.com, ASIA-Plus, Sputnik Тоҷикистон маалымат сайттарында президент кайрылуу жасары тууралуу жаңылыктар чыккан эмес. Тажикстан президентинин маалымат катчысы Абдуфаттох Шарифзоданын дагы социалдык тармактагы баракчаларында бул тууралуу маалымат жок.

Окуянын чоо-жайы

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландалган куралдуу агрессиясы» деп атады. Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык каза болду. Алардын катарында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 164 киши жарадар болду. 18-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин куралдуу агрессияга айыптаган билдирүүлөрдү жасашты. Алдын ала эсеп боюнча 364 турак жай жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунда талкаланган турак жай, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелердин санын тактоону улантууда.

Буга чейин дагы Эмомалинин ден соолугу тууралуу маалыматтар чыккан

Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып, бийлигин узартуу үчүн өлкөнүн Конституцияга бир нече жолу өзгөртүүлөрдү киргизген. 

2021-жылы Тажикстандын президентинин расмий сайтында сүрөттөр жаңыртылбай, Эмомали Рахмон эл алдына чыкпай калган учурларда аны ооруп жатат деген сөздөр айтылган. Мындан тышкары мамлекет башчылык милдети анын баласы Рустам Эмомалиге жүктөлгөнүн айрым сайттар жазышкан. Бирок президенттин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода бул маалыматтарды четке кагып, өлкө башчысынын ден соолугу жайында экенин билдирген.

Тажикстандын расмий булактарында Эмомали Рахмондун абалы тууралуу маалыматтар жок

Тажикстандын президентинин расмий сайтында бүгүн, 20-сентябрда,
Дүйшөмбү шаарынын сааты менен 12:30да Эмомали Рахмон менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин телефон аркылуу сүйлөшкөнү боюнча маалымат чыкты. 

“Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон инсульт алды”. Текшеребиз

Ал эми Өзбекстандын президентинин расмий сайтында бул тууралуу маалымат жок.

“Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон инсульт алды”. Текшеребиз

Эмомали Рахмондун ден соолугунун абалы тууралуу Тажикстандын расмий сайттарында жазылган эмес.
Жыйынтык: Социалдык тармактарда “Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон элине кайрылуу жасамак, бирок ал инсульт алып, абалы оор болгондуктан иш-чара токтотулган” деген маалымат далилденген жок. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кечээ, 19-сентябрда элине кайрылуу жасай турганы боюнча расмий булактарда билдирүүлөр болгон эмес.  Бүгүн, 20-сентябрда Эмомали Рахмон Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу маалымат Тажикстандын президентинин сайтына чыкты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты