Тажикстандын кол салуусунан жабыр тарткан турак жайлар эки күндөн кийин салына баштайт

  • 2 года мурун

Кыргыз-Тажик коогалаңында жабыр тарткан турак жайлар эки күндөн кийин салына баштайт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын башкармалыгынын начальниги Айбек Джунушалиев Баткенге болгон иш сапарынын алкагында билдирди.

Анын айтымында ведомстволор аралык комиссия өзүнүн ишин тез арада аяктап, 26-сентябрдан баштап турак жайларды сала баштайт.

“Жабыр тарткан турак жайларды эл аралык уюмдардын өкүлдөрү көрүп кетишти. Биринчи күндөн баштап курулуш техникалары келип баштайт. Үйлөрдүн салынышы республикалык бюджеттен каржыланат. Үйлөр салынганда да кирпич менен салынат. Үстү монолит менен жабылат. Бүт эски үйлөр алынат да, жаңы имараттар тургузулат”, — деди Айбек Джунушалиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты