Тажикстандын кол салуусунан каза болгондордун саны 62ге жетти
- 2 года мурун
Тажикстандын кол салуусунан каза болгондордун саны 62ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Жабырлануучулар – 198, анын ичинен 61 амбулатордук дарыланууга дайындалган.
Жабыркагандардын жалпы санынан:
Балдар — 13;
Эркектер- 171;
Аялдар — 14.
Каза болгондордун саны 62ге жетти.
Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө үчөөнүн абалы туруктуу, калгандарынын абалы орточо жана салыштырмалуу канааттандырарлык.
Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.
Муну бөлүшүү