Тажикстандын абактарында 13 кыргызстандык жаза өтөп жатат
- 2 года мурун
Баш прокурор Курманкул Зулушев 6-апрелде парламенттеги отчетунда Тажикстандын абактарында кармалып турган Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, тажик абактарында 13 кыргызстандык жазасын өтөп жатат, алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылгандар.
Абакта отургандардын маселеси жакын арада пландалып жаткан Тажикстандын баш прокурору менен жолугушууда талкууланышы мүмкүн.
Коңшу мамлекетте камакта отурган жарандардын маселесин депутат Шайырбек Ташиев көтөрдү. Ал тажик укук коргоо органдары кармап кеткен Баткен облусунун тургуну Саидакмат Артыков кыйноого кабылганын, аны «тыңчылыкка» айыптап, өмүр бою соттошконун, кийин ал жаза 18 жыл абак мөөнөтүнө алмашканын айтты. Аны экстрадициялоо мүмкүнчүлүгүн башкы прокурордон сурады.
Зулушев Саидакмат Артыковдун тагдырынан кабардар экенин маалымдады.
Артыков былтыр сентябрда Тажикстандын күч кызматтары тарабынан «чек араны мыйзамсыз кесип өттү» деген кине менен кармалган.
Жакындары аны бошотууга жардам берүүнү өтүнүп акцияга чыгып, бийликке кайрылышкан.
Тажикстан тараптан буга байланыштуу расмий комментарий боло элек.
Өткөн жылы сентябрда тажик күч кызматтары чек аралаш аймактан төрт кыргызстандык жаранды кармап кетишкен, алар сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулган.