Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз 2 жарым тонна лимонду алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

  • 2 года мурун

Лейлекте аткезчилик жүк ташып бара жаткан унаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-декабрда чек ара кызматкерлери Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унааны кармаган. Текшерүү учурунда чек арачылар Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз 2 жарым тонна лимон тапкан.

Сурак учурунда кармалган айдоочу кыргыз жараны экени белгилүү болду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аткезчилик жүктүн баасы 300 миң сомдон ашкан.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана жүк кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты