Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү

  • 2 года мурун

21-26-июнь күндөрү Тажикстандын Душанбе шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлуп, кийинки отурумду Кыргызстандын аймагында өткөрүү макулдашылды. Жумушчу топтордун акыркы жолугушуусу 25-30-майда Бишкекте өткөн.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталганын жазган. 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында аны ырастаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. Чек ара тактала элек аймактарда утур-утур чыр чыгып, курал колдонулган окуялар болуп турат. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты