Тажикстан Орусияга пияз экспорттоого тыюу салды

  • 2 года мурун

Тажикстан өлкөнүн өзүндө пияз кымбаттап кеткенине байланыштуу Орусияга экспорттоого тыюу салды.

Тажикстандын Бажы кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкө сыртка 66 тонна пияз экспорттогон. Бул көрсөткүч өткөн жылдын алгачкы 6 айына салыштырмалуу 10 миң тоннага аз.

Былтыр ушул маалда пияз Тажикстанда 1,5-3 сомониден сатылса, бүгүнкү күндө анын баасы 5-7 сомониге чейин жетип жатат.

Дыйкандардын айтымында,  пияздын кымбатташы  жер семирткичтердин жана күйүүчү майдын баасына байланыштуу. Алар быйыл пияз аянттары да азайып, аба ырайы да жакшы болбогонун айтышууда.

Бириккен Улуттар Уюму Тажикстандагы айрым азык-түлүк жана жашылча-жемиш түрлөрүнүн баасы боюнча жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгына ылайык, былтыркы баага салыштырмалуу пияз өлкөдө 192% кымбаттаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты