Тажик тараптын агрессиясынан жабыркагандар Бишкекте убактылуу үйлөр менен камсыздалышты

  • 2 года мурун

Тажик тараптын агрессиясынан жабыркагандар Бишкекте убактылуу үйлөр менен камсыздалышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкектин мэриясы ишкерлердин колдоосу менен мамлекеттик чек арадагы жаңжалдан жабыркаган Баткен облусунун тургундарын убактылуу үйлөр менен камсыз кылууда.

Темир контейнерлерде бардык керектүү шарттар түзүлгөн.

Буга чейин да мындай 16 үй жөнөтүлгөн. Жакынкы аралыкта дагы 12 контейнер Баткен облусуна жөнөтүлөт. Бардыгы болуп 50 контейнер даярдалат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты