«Тазалыктагы» мыйзамсыз иштер аныкталып, кылмыш иши козголду

  • 1 год мурун

Бишкек мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасындагы мыйзамсыз келишимдер мамлекетке 8 млн 49 миң 500 сомдук материалдык зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкананын тендердик комиссиясы орточо базар бааларын изилдебестен жана реалдуу бааны аныктабастан, 2022-жылдын сентябрь айында “Г.” ЖЧКсы менен 5 даана атайын техникаларды сатып алууга келишимди түзүү боюнча чечим кабыл алган. Бирок, аталган коом келишим түзүүдөн баш тарткандыгына карабастан, “Тазалык” ишканасы ага 466 миң сомдук сунуштун кепилдик камсыздоосун мыйзамсыз кайтарып берген.

«Ал эми, 2022-жылдын 5-октябрында “Тазалыктын” мурдагы директору К.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, атайын техникаларды “K.” ЖЧКсынан 4 млн 573 миң сомго жогорулатылган баа менен мыйзамсыз сатып алган. Ошондой эле, коомдун келишимдин алып келүү мөөнөтү талабын сактабагандыгына каралган чара катары 3 млн 10 миң 500 сом өлчөмүндөгү айып пул өндүрүлбөгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Мыйзамсыз келишимдердин, сатып алуулардын жыйынтыгында, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө 8 млн 49 миң 500 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Буга байланыштуу Бишкек шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 339-беренеси (“Билип туруп пайдасыз келишим түзүү”) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүлүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты