Тазабек Икрамов: «Өзгөчө кырдаалдар министри өз каалоосу менен кызматтан кете турган абалга жетти»

  • 2 года мурун

«Өзгөчө кырдаалдар министри өз каалоосу менен кызматтан кете турган абалга жетти», — деп бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, бир жылдан бери Сузак районунда Кара-Дарыя айылындагы маселе чечилбей жатат. «Кара-Дарыя айылында бир жыл мурун сел болуп, бүгүнкү күнү ошол жердеги жашоочулар контейнерде жашап жатат. Ушул маселени качан чечесиздер? Бул маселе чечилиши керек болчу. Ошол эле Кара-Дарыя айылында дамба куруу маселеси көтөрүлдү эле. Бир топ эгин жерлерди суу каптап кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эмне иш кылып жатат? Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз арызы менен кызматтан кете турган абалга жетти. Качан маселе чечилет?» — деди эл өкүлү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты