Тазабек Икрамов шайлоого катышпагандарга айып пул салууну сунуштады

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов шайлоодо добуш берүүгө катышпаган жарандарга айып пул салууну сунуштады. Ал Кыргызстанда шайлоодо добуш берүүгө катышпай койгон жарандарга айып салуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп чыкты. Документ 13-июлда коомдук талкууга коюлду.

Депутаттын айтымында, шайлоого катышпаган жарандарга айып пул салуу менен акыркы жылдары добуш берүүчүлөрдүн санынын кескин азайып кетишине байланыштуу маселени чечсе болот.

Эске салсак, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда 28-майда өткөн шайлоого 124 миң 908 шайлоочунун 17 миң 423ү (13,95%) катышты. Бул Кыргызстанда эң аз шайлоочу катышкан шайлоо болду.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты