Тазабек Икрамов Азиза Абдирасулованын кармалышы нааразычылык жаратып жатканын айтты
- 2 года мурун
Депутат Тазабек Икрамов укук коргоочу Азиза Абдирасулованын кармалышы нааразычылык жаратып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын кармалышы боюнча көп кайрылуулар болуп жатат. Биз Конституцияга каршы иш алып барып жатабыз. Баш мыйзамдын 39-беренесинде эл өз нааразычылыгын айтканга укуктуу деп турат. Жаш-карысына карабай ушул нерсеге барып жатабыз. Бир топ аялдар камалып отурат. 30 жылда мындай болгон эмес. Конституциянын негизинде иш алып баралы. Мыйзам менен жашайлы же Түркмөнстандын мыйзамын алып келели», — деди Икрамов.
Муну бөлүшүү