Ташкентте жыл башынан бери 18 имам иштен алынды

  • 3 недели мурун

2024-жылдын башынан бери Ташкентте 18 имам жана алардын орун басарлары кызматтык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбаганы үчүн кызматынан бошотулган.

Бул тууралуу 11-сентябрда Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгында өткөн жыйында айтылды. Кызматтан алынгандардын арасында Рахматулла кары Термизи, Абдухаким кары Маткулов сыяктуу белгилүү инсандар бар.

Бийлик имамдарга, анын ичинде алардын социалдык тармактардагы баракчаларына да көзөмөлдү күчөттү.

Бул арада Дин иштери боюнча комитеттин буйругу менен каттоодон өтпөгөн мечиттер жана диний окуу жайлары жабылып, жеке менчик диний билим берүүгө тыюу салынат.

Буга чейин Өзбекстандын өкмөтү каттоодон өтпөгөн 400дөн ашык мечитти жана имараттарды бузууну пландап жатканы маалымдалган.

Сүрөт: uzbekistan.travel

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты