Ташкентте сакалга жана хиджабга каршы рейддер күчөдү

  • 7 месяцев мурун

Өзбекстанда кайрадан сакал коюп жана хижаб кийип жүргөндөргө каршы рейддер күчөдү.

Бул тууралуу «Озодлик» радиосу кабарлады.

Редакцияга окурмандар жөнөткөн видеодо Анжиян шаарындагы Банк колледжинин хижаб кийген студенттери окуу жайга киргизилбей, алардан жоолукту артка байлап салынуу талап кылынып жатканын көрүүгө болот.

«Биз сиздердин редакцияга Анжиян шаарындагы Банк колледжинин студент кыздарынын атынан кайрылып жатабыз. Хижаб кийген кыздардан жоолукту артка байлап салынуунун талап кылып жатышат. Бул талап канчалык мыйзамдуу?» деген «Озодлик» радиосуна видео жөнөткөн студент.

Акыркы кездери студент кыздардын хижаб кийүүсүнө тыюу салуу учурлары Өзбекстандын башка аймактарында да байкалууда.

Бухара шаарындагы Инженерия жана технология институтунун 3-курсунун студенти Фатима Абдуллох окуу жайдын жетекчилиги аны хижабын чечүүгө мажбурлаганына даттанып, президенттин кызы Саида Мирзиёева кайрылды.

«Институттун жетекчилери мени хижабды чечүүгө мажбурлашты. Урматтуу Саида Шавкатовна! Студенттердин окуу жайларга хижаб менен кирүүсүнө тыюу жок, сизден хижабчан кыздарды коргооңузду өтүнөм. Институттун жетекчилиги кыздардын хижабын чечтирүүдөн көрө сабак өтө албаган окутуучуларды текшерсин»деп жазган ал.

Буга чейин Чирчик мамлекеттик педагогикалык университетинин жетекчилиги 3-курстун студентинен хижабды чечүүнү талап кылып, болбосо окуу жайдын жатаканасынан орун берилбей турганын айтканы кабарланган.

Ал арада Алихонтура Шокиржон угли аттуу Facebook колдонуучусу Ташкенттин Сергели районундагы базарда сакал коюп жүргөндөргө каршы рейд болгонун жазды. Анын айтымында, рейддин жүрүшүндө сакалчан 10 киши кармалып, 15 суткага административдик камакка алынган.

Facebook’тун башка колдонуучулары 13-сентябрда Ташкенттин Мирзо-Улугбек жана Алмазар райондорунда да ушундай эле рейддер болуп, анын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери төрт кишинин сакалын күчтөп алганын жазышты. Маалыматка караганда, алардын бири каршылык көрсөтүп, 15 суткага административдик камакка алынган.

11-12-сентябрь күндөрү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган топ Ташкенттеги бир нече ири тамактануучу жайларды текшерген. Анын жыйынтыгында Al-Fajr, Lagmon House, Tarnov boshi, Bursa, Nihol жана Joja сыяктуу ондон ашык кафелер менен ашканаларды жабуу чечими кабыл алынган. Себеп катары бул тамактануучу жайларда санитардык эрежелер сакталбаганы көрсөтүлгөн.

Бирок аталган жайлардын ээлери бийлик өкүлдөрүнүн бул аракетин өлкөдө башталган диний куугунтук менен байланыштырууда. Алардын айтымында, жабылган жайлардын баарында намазканалар болуп, кызматкерлери сакал коюп, хижаб кийип жүрүшкөн.

«Бул рейдден кийин кызматкерлерди милиция бөлүмдөрүнө жеткирип, эркектерди сакалын алууга, кыз-келиндерди хижабын чечүүгө мажбурлашты. Бул талапка баш ийбеген бир нече кызматкерге айып пул салынып, үч суткага камакка алынды. Намазканаларды жаап, «халал» деген жазууларды алып, аталыштарын өзгөртсөк кайра ачылышыбыз мүмкүн экенин айтышты»деди жабылган кафелердин биринин ээси.

Мындан тышкары «Озодлик» радиосу өз булактарына таянып, укук коргоо органдары Ташкенттеги ислам адабиятын жана кийимдерин саткан бир нече дүкөндү көзөмөлгө алганын кабарлады. Алардын ээлерине дүкөндөрдүн ислам аталыштарын өзгөртүп, араб тилиндеги жазууларды алуу сунушталган.

Өзбекстан Конституциясынын жаңы редакциясынын «Абийир эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» 14-беренесине ылайык, диний уюмдарда иштебеген өзбекстанстандыктарга коомдук жайларда «диний» кийимдерди кийип жүрүүгө тыюу салынат.

Өткөн жумада Өзбекстандын муфтийи Нуриддин Холикназаров ислам дининде кийимге жана сырткы көрүнүшкө байланыштуу катаал эреже жоктугун айтып, мусулманчылыкта бардык нерсенин ченеми болушу керектигин, чүмкөнүп жүрүүнүн, кара кийинүүнүн, сөзсүз узун сакал коюп, шалбыраган шым кийүүнүн кажети жоктугун белгилеген.

Өз булактардын маалыматына караганда, өкмөттүн 10-сентябрдагы жыйынында өлкөнүн премьер-министр Абдулла Арипов мамлекеттик кызматкерлерге мечитке баруунун «кесепеттери болорун» эскерткен.

Өзбек өкмөтүнүн басма сөз кызматы мындай жыйын болгонун ырастап, бирок премьер-министр аткаминерлерден «же жумушту, же динди тандоону» талап кылганын четке какты.

Сүрөт: ozodlig org-cоциалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты