Ташкент — Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, үч киши каза болду

  • 2 года мурун

Өзбекстандын Анжиян облусундагы Ташкент — Ош — Анжиян А-373 автожолунда Isuzu автобусу менен жүк ташуучу унаа кагышып, үч киши көз жумду. Дагы 38 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы ишемби күнү болжол менен саат 08:10до автожолдун 389-390-чакырымында туман каптап турган кезде катталган. Алдын ала маалыматка караганда, автобустун айдоочусу жол эрежесин бузуп, карама-каршы тилкеге чыккан.

Жараат алган 38 адам Анжиан облусундагы Бустанск районунун бириктирилген ооруканасына жеткирилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты