Ташкент Ооганстандан аткылоо болгону тууралуу маалыматты четке какты
- 3 года мурун
Термез районундагы өзбек аскерлери Ооганстан тараптан аткыланганы тууралуу айрым Teлеграм-каналдарда жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.
Ал Телеграм-каналына: «Өзбекстандын Коргоо министрлиги менен Чек ара аскерлигинин маалыматына караганда, өзбек-ооган чек чарасында согуштук аракеттер жок, абал туруктуу», — деп жазды. Аткаминер калкты чагымга алдырбоого үндөдү.
Өзбекстандын Коргоо министрлиги да Термездеги аскердик объектилер Ооганстан аймагынан ракетадан аткыланып жатканы жөнүндө маалыматтар жалган экенин тастыктады.
Министрликтин маалыматына караганда, өзбек-ооган чек арасы толугу менен өзбек аскерлеринин көзөмөлүндө.
Термездеги өзбек объектилери «Ислам мамлекети» террордук тобунун чабуулуна кабылганы жөнүндө маалыматтар буга чейин «Милитарист» жана «Военный обозреватель» Телеграм-каналдарында жарыяланган.