Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев “Барселона” клубунун жаштар курамасына кирди 

  • 2 года мурун

Кыргызстандык футболчу Эмир-Хан Кыдыршаев “Барселона” клубунун жаштар курамасына расмий түрдө кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмеси билдирди.

“Бул сонун жаңылык Кыргызстандын атактуу футбол клубу менен жакындашуусуна мүмкүнчүлүк берет жана Дүйнөлүк футбол жылдыздарынын тажрыйбасына таянуу менен республикадагы футбол салттарын алга жылдырууга жана жакшыртууга жардам берет”, — деп айтылат маалыматта.

Эмир-Хан Кыдыршаевдин буга чейин испаниялык «Леванте» клубуна маектешүүгө чакырылганы айтылган.

Эмир-Хан Кыдыршаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кичүү уулу.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты