Ташиевдин тууганы Замирбек Кожомуратов жаңы кызмат ээледи 

2020-жылы Кыргызстандагы бийлик алмашкандан кийин мамлекеттик түзүмдөрдө кадрдык алмашуулар болгон. Ал кадрлардын катарын Кожомуратов Замирбек Кубанычович да толуктаган. Ар кандай себептерден улам, анын ыйгарым укуктары токтотулган эле. Бирок, Замирбек Кожомуратов жаңыдан кызматка келгени белгилүү болду. 

Окуя кандай болгон?

2020-жылы 21-декабрда “Кыргызтелеком” ишканасынын директорлор кеңеши, компаниясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү Эшимбеков Бакыт Арстаналыевичтин ордуна Кожомуратов Замирбек Кубанычовичти дайындаган

Ташиевдин тууганы Замирбек Кожомуратов жаңы кызмат ээледи 

Кийин Кожомуратов Замирбек УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин тууганы экендиги белгилүү болот. Бирок Кожомуратов бул кызматта көпкө кармалган эмес. Беш айдан кийин эле, тагыраагы, 2021-жылдын 21-майында “Кыргызтелеком” ишканасынын директорлор кеңешинин кезектеги жыйынында анын ыйгарым укуктары токтотулган. 

Ташиевдин тууганы Замирбек Кожомуратов жаңы кызмат ээледи 

“Кыргызтелеком” директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Маралбү Бианкинин айтымында, Кожомуратов Замирбектин кызматтан алынышына бир нече себептер түрткү болгон. Анын кесиптик жактан дал келбестиги, мыйзамсыз өргүүгө чыгуусу жана жумушту себепсиз калтыруусу. Кеңештин чечимине карабай, Кожомуратов кызматтан алынгандан кийин деле айлык акы алып жүргөн. 

Жаңы белгилүү болгондой Замирбек Кожомуратов жаңы кызматка барган. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин расмий сайтындагы маалыматка ыйлайык, Кожомуратов азыр министрдин орун басары болуп турат. Бирок сайтта ал жөнүндө башка маалымат жок. Ал кызматка качан дайындалганы да белгисиз. 

Ташиевдин тууганы Замирбек Кожомуратов жаңы кызмат ээледи 

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Кожомуратов Замирбектин Камчыбек Ташиев менен жакын мамиледе экениндигин далилдеген бир нече факты бар. Мисалы, Кожомуратовдун бир тууганы Кожомуратов Азим 2016-жылы, Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шаирбек Ташиев менен бирге Жалал-Абад шаардык кеңешине “Ата-Журт-Мекенчил” саясий партиясы менен аттанган

Ташиевдин тууганы Замирбек Кожомуратов жаңы кызмат ээледи 

Ошондой эле, Кожомуратов өзүнүн Фейсбук баракчасында Камчыбек Ташиевге жана “Ата-Журт” партиясына тиешелүү маалыматтар менен байма-бай бөлүшүп турат. Фейсбуктагы достугунда Ташиевдердин үй-бүлө мүчөлөрүн да көрүүгө болот. 

Ташиевдин тууганы Замирбек Кожомуратов жаңы кызмат ээледи 

Жогорку кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев менен байланышканыбызда, бул кызматка качан дайындалгандыгы билбестигин айтты. Тууганчылык мамилесин тастыктаган да төгүндөгөн да жок:

— Сиздин жээниңиз Замирбек Кожомуратов жаңы кызматка барган турбайбы?

— Өзүнөн сурагыла, мен каяктан билейин аны. 

Буга чейин Кожомуратов Замирбек “Кыргызтелекомдо” иштеп жүргөндө, журналисттер Камчыбек Тащиев менен туугандык мамилесин сураганга аракет кылып көрүшкөн, бирок ал да төгүндөгөн да тастыктаган да эмес. 

Азыр Санариптик өнүктүрүү министрлигинин сайтында Кожомуратов Замирбектин сүрөтү алынып салынган. 

Ташиевдин тууганы Замирбек Кожомуратов жаңы кызмат ээледи 

Камчыбек Ташиевдин туугандары кайсы кызматтарды ээлейт?

Эске салсак, 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин Камчыбек Ташиевдин бир нече туугандары жогорку кызматтарга дайындалган. Алар:

Күйөө баласы Казакбаев Тагайбек “Кыргызалтын” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү.

Ташиевдин тууганы Замирбек Кожомуратов жаңы кызмат ээледи 

Жээни Матисаков Байгазы “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасынын башчысы

Ташиевдин тууганы Замирбек Кожомуратов жаңы кызмат ээледи 

Жээни Матисаков Нургазы Өзгөн районунун прокурору (азыр Жайыл районунун прокурору).

Ташиевдин тууганы Замирбек Кожомуратов жаңы кызмат ээледи 

Өкүл баласы Сыргабаев Абсаттар президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ташиевдин тууганы Замирбек Кожомуратов жаңы кызмат ээледи 

Жыйынтык: УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тууганы делген Кожомуратов Замирбек Кубанычович жаңы кызмат алды. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты