Ташиев: «Ызы-чуу чыгарабыз» дегендердин тамырын кыркып жатабыз»

  • 2 года мурун

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасына тиешелүү мыйзам долбоору каралууда.

Анда депутат Адахан Мадумаров оюн эркин билдиргендерге басым кылып, камап жатышканын айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул боюнча жооп берди. «Эркин сүйлөгөндөрдүн кайда отурганын көрүп жатасыздар деп мага айтып жатасыз. Алар сүйлөгөндөр эмес, чагымчылар. «Мамлекетте дестабилдүүлүк жаратабыз, дагы ызы-чуу салабыз, бийликти алабыз» деп ушул бүгүн кабыл алынып жаткан мыйзамдын негизинде ызы-чуу чыгарабыз дегендердин тамырын кыркып жатабыз. Бул мамлекеттик кызматта отурган адамдардын милдети. Мен УКМКны жетектеп турганда мамлекетте тополоң болтурбай тынчтыкты сактоого, стабилдүүлүктү кармап турууга милдеттүүмүн. Мен милдетимди так аткарам. Мамлекеттик кызматкерлер милдетин так аткарбай жүрүп үч жолу төңкөрүш болду. Үч жолу бийлик күтүүсүздөн алмашты. Мындан ары бийликтин Конституциянын негизинде гана алмашуусуна шарт түзүп береби», — деди Ташиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты