Ташиев парламентте «тазалоо» иштери жүрүп жатканын айтты

  • 2 недели мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Шамалды-Сай шаарында Чек ара кызматынын кызматкерлерине 67 батирлүү жаңы көп кабаттуу үйдүн ачкычтарын тапшыруу иш-чарасында айтты.

“Жогорку Кеңештин талапкерлери кимдир бирөөңүздөр элди сатып алып, алдап добуш алабыз десеңер жаңылашасыңар. Мындан ары шайлоо таза болушу керек. Парламентке туура эмес адамдар шайланып келип калган. Мына азыр «тазалоо» иштери жүрүп жатат. Мындан ары дагы жүрөт. Парламентке жалаң эле коррупционерлер жана алардын туугандары келбеши керек. Келгендерин “тазалап” жатабыз. Жыйыктыктарын көрүп жатасыз. Акыркы убакта парламенттен 5-6 депутат кетти. Алардын көбү мандатын өз ыктыяры менен тапшырды. Себеби, биз аларга өз ыктыяры менен кеткенге мажбур кылып мыйзамсыз иштерин көрсөтүп атабыз. Ал эми кетпегендерин же мыйзамды бузгандарды жоопко тартып жатабыз. Мунун баары мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатат”, — деди Ташиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты