Ташиев нефтетрейдерлерге дизелдин баасын 63-64 сомдон ашырбоону тапшырды

  • 12 месяцев мурун

5-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик салык кызматынын, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жана күйүүчү май рыногунда баа түзүү маселеси боюнча ата мекендик мунай рейдерлеринин өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Ташиев бүгүнкү күндө нефтетрейдерлер тарабынан май куюучу жайларда жогорулатылган баада дизель майы сатылып жатканын белгиледи.

«Буга байланыштуу өз тарабынан нефтетрейдерлерге социалдык багыттагы баа саясатын кармануу сунушталып жана бааларды төмөндөтүү зарылдыгы ошондой эле калкты арзан баада дизель майы менен камсыз кылуу үчүн бааларды төмөндөтүү жана мындан кийин дизель майынын 1 литри 63-64 сомдон ашпаган бааны белгилөө зарылдыгын белгиленди«, — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле нефтетрейдерлер дизель майынын баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү макулдашканы айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты