Ташиев мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын айтты

  • 4 месяца мурун

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын айтты. Бул тууралуу ал Кара-Суу районунда тургундар менен жолукканда билдирди.

“Мурдагы башаламан заманда көптөгөн ишканаларды, элдин, мамлекеттин байлыгын арзан акчага сатып алышып, же болбосо эптеп-септеп, коррупциялык жолдор менен менчиктештирип, көптөрү бай болуп жүрүшпөйбү. Ошолордун баарын тартипке салышыбыз керек. Ал элдин байлыгы. Жүз миңдеген, миллиондогон элдин байлыгын бир адам, же беш адам басып алып олтурат. Алардын бардыгын кайтарышыбыз керек», — деди Ташиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты