Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта курман болгон жоокерлер тууралуу китеп чыгарууну демилгеледи

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон жоокерлер тууралуу китеп чыгаруу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-январда Камчыбек Ташиевдин төрагалыгында кеңешме өтүп, анда басылып чыккан китептерди республиканын бардык орто мектептерине жана жогорку окуу жайларына таратуу чечими кабыл алынган. Басылманы окуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигине окуу планына өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш берилери кошумчаланган.

Ташиев китептин бет ачары ушул жылдын 31-августуна, акыркы мөөнөтү кыргыз-тажик жаңжалынын бир жылдыгына (2023-жылдын сентябрь) чейин бүтүшү керек экенин белгилеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты