Ташиев кыймылсыз мүлккө болгон укуктарын калыбына келтирүүгө жардам сурап кайрылган эже-сиңдини кабыл алды

  • 2 года мурун

21-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармак аркылуу кайрылган эже-сиңдилерди кабыл алды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20 -ноябрда 2004-жылы туулган Асель Максатбекова жана 2012-жылы туулган Асыл Максатбекова социалдык тармактар аркылуу Бишкек шаарынын Чимкент көчөсүнүн №41 дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлккө болгон укуктарын калыбына келтирүүгө чара көрүү жана көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Аталган мүлк кыздардын 2023-жылы узакка созулган оорудан улам каза болгон апасы Н.Давлетовадан мураска калган, ал эми кыздардын атасы М.Желденов жол кырсыгынан каза болгон.

«Кайрылуунун себебин иликтөө учурунда Н.Давлетова 2001-жылдан бери көрсөтүлгөн дарек боюнча жашагандыгы жана үйдүн ээси 1938-жылы туулган (2021-жылы каза болгон) Н.Т. Сапегин менен түзүлгөн келишимге ылайык, аны бир нече жыл ичинде сатып алууга милдеттенгени аныкталган. 2008-жылы Н.Т. Давлетова аталган үйдү мурунку ээси В.И. Сапегинден 3000 долларга (114000 сомго барабар) сатып алган, ал белгиленген тартипте мамлекеттик нотариус тарабынан таризделген жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн. Бирок ал мамлекеттик каттоо органына жиберилгенден кийин белгисиз себептер боюнча аны каттоо жүргүзүлгөн эмес, мында Мамкаттоонун архивинде белгиленген келишим бар. В.Сапегин каза болгондон кийин, анын үйүнө мураскор катары аялы жана кызы Н.В. Сапегина жана И.В.Карнилова талап кыла баштаган, алар андан ары тиешелүү документтерди тариздөө менен мурас алуу укугуна ээ болуп, эже-сиңди Максатбековдордон үйдү бошотууну талап кылышкан», — деп жазылат маалыматта.

УКМК башчысы тиешелүү бөлүмдөргө Максатбековалардын үй-бүлөсүнүн турак-жай маселесин КР мыйзамдарына ылайык, алардын турмуштук жагдайларын эске алуу менен кыска мөөнөттө чечүү тапшырмасын берди.

«Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан одоно каталарга жол берилгенин белгилей кетүү керек, анткени үйдүн юридикалык тиешелүү документтерин реестрде өз убагында катташкан эмес, буга байланыштуу мурунку кожоюндар тарабынан үйдү кайра сатууга жол берилген, бул эже-сиңди Максатбековалардын күнөөсү жок экендигин күбөлөндүрөт. Буга байланыштуу, Максатбековалардын турак-жайынын жанында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдү эске алуу менен тез арада турак-жай маселесин чечүү тапшырмасы берилди.

Мында бир тууган эже-сиңдилерге 3 бөлмөлүү эки батир берүү боюнча курулуш компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кабыл алынган чечим УКМК төрагасынын тапшырмасы менен кызматкерлер тарабынан көзөмөлдөнөт. Максатбековалардын турак-жай маселесине байланыштуу бардык маселелер чечилди», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты