Ташиев: «Кагылышууну бир, эки сааттын ичинде толук бойдон токтотобуз деген ойдомун»

  • 2 года мурун

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кагылышуу бир, эки сааттын ичинде толук бойдон токтотула турганын журналисттерге билдирди.

«Тажикстандан чыктым.  Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов менен жолугуп келдим. Ок атууну токтотуу боюнча чечимге келип, комиссия түздүк. Ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ОИИБдин башчысы, УКМКнын башчысы, Чек ара кызматынын орун басары, Ички иштер министринин орун басары кирди. Атышууну токтотуу боюнча биз бардык жерлерге команда берип жатабыз. Жарандарыбыз тынчынсызданбасын. Кагылышууну тез аранын ичинде бир, эки саатта толук бойдон токтотобуз деген ойдомун», — дейт Камчыбек Ташиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты