Ташиев эки жылда аскердик техника жана курал-жарак үчүн 1 млрд доллар жумшалганын айтты
- 2 года мурун
Кыргызстан акыркы эки жылда аскердик техника жана курал-жарак алууга 1 миллиард доллар жумшады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 6-мартта Жалал-Абад облусундагы иш-сапарынын жүрүшүндө билдирди.
«Акыркы эки жылда мамлекет 1 миллиард доллар акчаны коргонуу мүмкүнчүлүгүнө жумшады. Бул биздин Куралдуу күчтөргө алынып жаткан аскердик техникалар, ок-дары, курал-жарак жана башкалар. Биз азыр мурдагыдай эмеспиз. Бүгүнкү күндө башка мамлекеттерден кем эмес курал-жаракка ээ болдук. Башкаларда жок курал-жаракка ээ болуп жатабыз. Дагы деле алып келип жатабыз. Эң негизгиси — биз согушка даярданган жокпуз. Биз коргонууга даярданып жатабыз», — деди Ташиев.
Кыргыз бийлиги коргоо, коргонуу жана коопсуздук тармагына көп көңүл бурула баштаганын билдирип келет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр жыл аягында коопсуздук тармагына 2021-жылы 31,2 миллиард, ал эми 2022-жылы 52,2 миллиард сом бөлүнгөнүн айткан.
Буга чейин Кыргызстан абадан коргонуучу «Аксунгур», «Акынжы», «Анка» аскердик техникасын, «Байрактар» учкучсуз учактарын алганы расмий маалымдалган.