Ташиев Бакиев боюнча Конституциялык соттун чечими тууралуу пикирин билдирди

  • 2 года мурун

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Курманбек Бакиев боюнча Конституциялык соттун чечими тууралуу Фейсбук баракчасына билдирүү жазды. 

“Кечээ Конституциялык соттун Бакиев боюнча чыгарган чечимине бүгүнкү бийликтин эч кандай тиешеси жок. 

Конституциялык сот көз карандысыз. 

Бакиев боюнча Жогорку соттун өкүмү күчүндө турат. 

Ошондуктан эгер Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөөрү менен камалат”, — деди Ташиев.

Конституциялык сот 2010-жылы Апрель ыңкылабында бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев боюнча чыккан сот өкүмү кайра каралууга жатат деген чечим чыгарды. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты