Ташиев: «Акылбек Жапаровдун уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы болсо жоопко тартууга даярмын»

  • 8 месяцев мурун

Чүйдүн Панфилов районундагы УКМК башкармалыгынын жаңы имаратын ачып жатып УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Камчы Көлбаевдин апасы Майя Алиеванын тоюна катышканы боюнча сүйлөдү.

“Акылбек Жапаров Камчы Көлбаевдин апасынын тоюна барса аны жазабайсыңар» деп айтып жатышат. Ал тойго беш жыл мурда барган экен. Камчы Көлбаев менен мен деле тааныш болуп, жолуккам. Акылбек Жапаров тааныш болгон, бирок үч жылдан бери биз менен иштеп жатат. Эч кандай байланышы жок. Эгерде Акылбек Үсөнбековичтин уюшкан кылмыштуу топ, Көлбаев менен байланышы болсо, чогуу жүрсө, ал кишини жоопко тартууга даярмын», — деди Ташиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты