Ташиев: «Акылбек Түмөнбаевдин Көлбаев менен байланышы чыкса кылмыш ишин козгойм»

  • 8 месяцев мурун

Чүйдүн Панфилов районундагы УКМК башкармалыгынын жаңы имаратын ачып жатып УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин кудасы депутат Акылбек Түмөнбаев тууралуу пикирин айтты.

«Акылбек Түмөнбаев Камчы Көлбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына барды, эмнеге жоопко тартпайсыңар деп айтып жатышат. Акылбек Түмөнбаев эл шайлаган депутат. Эл кандай депутаттарды шайласа биз ошолор менен иштеп жатабыз. Бирок аларды дагы тазалаганга аракет кылабыз. Акылбек Түмөнбаевди бүгүн эле мандатын тапшыртып иштен кетире албайт экенбиз. Аны эл шайлаган. Эгерде анын ордунда кайсы бир чиновник болгондо бир саатта эле жумуштан алдыртмакмын. Бирок Түмөнбаевдин Камчы Көлбаев менен байланышы чыга элек. Чыкса эле мен кылмыш ишин козгойм. Акылбек Түмөнбаевдин Көлбаев менен байланышы бар, кылмыш кылган деген маалыматыңар болсо бергиле», — деп Ташиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты