Ташиев акимге: Ак-Талаага барбайлыбы? Же коркуп жатасыңбы?
- 10 месяцев мурун
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Нарын облусунун Ак-Талаа районунун акимине бул районго «конокко» чакырууну сунуштады.
Ташиев Ак-Талаа районунун акими Мирлан Камчыбековго бул районго да октябрда атайын техникалар берилерин билдирди.
«Ак-Талаага барбайлыбы, конокко чакырбайсыңбы? Же коркуп жатасыңбы? Анда даярдан. Октябрдын башында Ак-Талаага барабыз. Бардык жерди жууп, тазалап, жолдорду, сырткы көрүнүштөрдү оңдоп бергиле. Эл менен жолугушабыз. Элдин арасынан ишиңе бир эле нааразычылык айтылса, анда чатак болот. Көрдүңбү, өзүң тиленип алдың» , — деди Ташиев.
11-августта УКМК башчысы Нарын шаарына иш сапары менен барып, жергиликтүү бийлик органына атайын техникаларды тапшырды.
Муну бөлүшүү




