Ташиев: Айтпай-дебей эле үйлөрүн бузуп киргениңер туура эмес

  • 10 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийликтин жетекчилерине кайрылып, жер-жерлерде мыйзамсыз делген курулуштарды бузууда биринчи эл менен сүйлөшүү керектигин айтты.

Ал 11-августта Ош шаарынын мэриясына атайын техникаларды тапшыруу учурунда бир-эки жерде айтпай туруп, тургундардын үйлөрүн бузгандарды мисал келтирди.

“Урматтуу, жетекчилер адамдын үйүн бузарда ал менен сөзсүз сүйлөшкүлө. Ал да өзүнүн эмгеги, күчү менен үй салган. Аларга башка жактан үй, участок берип, анын жери мамлекетке зарыл экенин түшүндүрүш керек. Кечээ бир- эки жерде айтпай-дебей эле үйлөрүн бузуп киришкен. Бул туура эмес. Президент да мындай туура эмес деп атат. Ал адам билбей же мыйзамды бузуп салып алдыбы, баары бир ошол жерде жашап атат да. Аны талаага кууп жиберген болбойт. Оштун мэри бузуп жатыптыр деп эле буза берген болбойт. Бул киши эл менен сүйлөшүп, шарт түзүп атат” , — деди Ташиев.

Ушул күндөрү Бишкектин Көк-Жар конушундагы 172-контурдагы айдоо жерлерине салынган үйлөрдү буздуруу коомдо чоң нааразылык жаратууда.

Анда чыр чыгып, жолду мыйзамсыз тоскон деген айып менен беш адам 10 күнгө камалган. Мындан тышкары, 17 киши милицияга жеткирилип, протокол түзүлгөн.

Ички иштер министрлиги жер иши боюнча төрт адам кармалганын 11-августта кабарлаган.

Көк-Жардын жашоочулары бийликке кайрылып, маселени оң жагына чечип берүүнү өтүнүшкөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты