Таш-Көмүрдө дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштери токтотулду

  • 2 года мурун

Бүгүн, 17-январда жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан Таш-Көмүр шаарынын тургунун издөө иштери анын жакындарынын макулдугу менен токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

«Бүгүн Сүттүү-Булак жайлоосунда изделип жаткан жарандын туугандарынын макулдугу менен бүгүн издөө иштери токтотулуп, жерине тартылган куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышууда»,- деп айтылат маалыматта.

ӨКМ бүгүн таң эрте издөө ишине ӨКМдин жалпы 27 куткаруучусу 1 дрон менен чыгышканын белгилей кетти.

Эске салсак, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, тынымсыз изделип келген.

Сүрөт: ӨКМнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты