Таш-Көмүрдө 54 жаштагы жаран изделүүдө
- 11 месяцев мурун
Таш-Көмүрдө 54 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын 1969-жылы туулган К.Ж. аттуу тургуну 25-август күнү саат 07:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Буга чейин аталган жаранды Таш-Көмүр шаардык Ички иштер министрилигинин кызматкерлери тарабынан издөө ишин жүргүзүлүп, бирок анын жыйынтыгы болгон эмес. 4-сентябрь күнү дайыны чыкпай жаткан 54 жаштагы жаранды издөө боюнча кайрылуу ӨКМдин 112 кызматына түшүп,бүгүн аны издөөгө Таш-Көмүр шаардык №57 ӨКБдан 8 куткаруучу тартылды.
Муну бөлүшүү