Таш-Көмүрдө 1 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды
- 1 жыл мурун
Таш-Көмүрдө 1 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Таш-Көмүр шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан жапайы кара куурайды жок кылуу иштери жүрүүдө. Милиция кызматкерлери шаар аймагында өскөн 1 тоннага жакын кара куурайды оруп, өрттөп, жок кылышты.
Мындан сырткары жергиликтүү тургундар арасында баңгизаттарына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жарандарга кылмыштуулуктан жана баңгизат колдонуудан алыс болуу зарылдыгы эскертилди. Ата-энелерге жаш өспүрүмдөрдү тыкыр көзөмөлдөө, терс көрүнүштөргө күбө болсо милицияга билдирүү керектиги жеткирилди.
Муну бөлүшүү