Таш-Көмүр шаарында “Шахтёр” стадиону ачылды

  • 4 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Таш-Көмүр шаарындагы «Шахтёр» стадионун салтанаттуу түрдө ачты.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.

1963-жылы курулган стадион капиталдык реконструкциядан өтүп, 3975 көрүүчүгө ылайыкталган заманбап аренага айланды. Реконструкциянын алкагында трибуналар, жарыктандыруу, жасалма газон жана спортчулар үчүн бардык зарыл инфраструктура жаңыланды.

«Бул стадион миңдеген жаштар үчүн мүмкүнчүлүк. Бул келечектеги футболчулар үчүн чоң аянтча. Стадион сиздерге көптөгөн кубанычтуу күндөрдү тартууласын» деди Адылбек Касымалиев.

Ал ошондой эле акыркы 5 жылда спорттук каржылоо көбөйгөнүн, инфратүзүм жаңыланып жатканын белгиледи. Анын айтымында, быйыл 31-августка карата 51 миң орундуу «Бишкек Арена» стадиону ачылат. 

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты