Таш-Көмүр шаар кеңешинин вице-спикери кайра кармалды

  • 1 месяц мурун

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин вице-спикери Б.С.С. жергиликтүү бюджеттен эмгек акыны өндүрүү маселесин чечкендиги тууралуу сот актысынын негизинде О.А.З. аттуу жарандан 45 миң сом опузалагандыгы үчүн кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.   

14-августта Б.С.С. талап кылган керектүү суммадагы акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды жана УКМКнын Жалал-Абад облусттук башкы башкармалыгынын убактылуу тергөө камак жайына киргизилди.

2023-жылдын июнь айында Б.С.С. Таш-Көмүр шаардык кеңешинин спикери болуп турганда, аткарылган иштердин жыйынтыгын үзгүлтүксүз кабыл алуу үчүн подрядчынын өкүлүнөн акча алып, алдамчылык аракеттерди жасагандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалган.

Натыйжада сот органы тарабынан Б.С.С. аттуу жаранга кылмыш иши козголуп, тараптардын жарашуусу боюнча иш токтотулган.

Тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты