Тарыхый-маданий объектилерди бузууга убактылуу тыюу киргизүү сунушталды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга жана мамлекеттик тизмеден чыгарууга 10 жылдык мораторий киргизүүнү сунуштады. Тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Долбоорго ылайык, тарых жана маданият эстеликтерин мамлекеттик реестрден чыгарууга, демонтаждоого жана алардын ордуна жаңы курулуштарды жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу каралууда. Министрлик мындай чара акыркы жылдары айрым объектилер “тарыхый баалуулугун жоготту” же “авариялык абалда” деген жүйө менен тизмеден чыгарылып, кийин бузулуп, алардын ордуна коммерциялык имараттар курулган учурларга байланыштуу сунушталганын белгилейт.

Мыйзам кабыл алынган учурда, алты ай ичинде Министрлер Кабинети тарыхый объектилерди инвентаризациядан өткөрүп, алардын коргоо аймактарынын так чек араларын аныкташы керек. Ошондой эле эстеликтердин жайгашкан жери, абалы жана укуктук статусу тууралуу маалыматтарды камтыган бирдиктүү санариптик база түзүү пландалууда.

Белгиленгендей, тарыхый-маданий мурас объектилери «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамынын негизинде жөнгө салынат жана аларды тизмеден чыгаруу үчүн өзүнчө мыйзам талап кылынат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты