Тараз-Талас-Суусамыр жолунда унаа ташуучу унаадан баңгизат табылды

  • 9 месяцев мурун

Тараз-Талас-Суусамыр жолунда унаа ташуучу унаадан баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын кызматкерлери баңгизаттарды ташуу жана сатуу боюнча туруктуу каналга бөгөт коюшту.

24-октябрда Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда Талас районунун Талды-Булак айылында ГАЗ-69 үлгүсүндөгү унааны ташып бара жаткан унаа токтотулган.

Аталган унаага тинтүү жүргүзүү учурунда ыкчам кызматкерлер «Драго» аттуу кызматтык издөө иттин жардамы менен 18 даана көлөмү 1,5 литр пластик бөтөлкөлөрү, жарым 50 кг. сумкасынан жалпы салмагы 6 кг 753 гр «марихуана» табылып, алынган.

Бул баңги заттары Чүй облусуна сатуу үчүн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан сатылып алынганы аныкталган.

Аталган унаанын ээси кармалган. Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты