Тамекини контрабандалык жол менен Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы «Мамай» тилкесинде жана Аксы районунун Кош-Дөбө айылында контрафакттык товарды Өзбекстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган Кыргыз Республикасынын жарандары 1981-жылы туулган С.Н.Т. жана 1987-жылы туулган К.К.И. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тамекини контрабандалык жол менен Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды #89390
Тамекини контрабандалык жол менен Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды #89391
Тамекини контрабандалык жол менен Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды #89392
Тамекини контрабандалык жол менен Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды #89390 (preview)Тамекини контрабандалык жол менен Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды #89391 (preview)Тамекини контрабандалык жол менен Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды #89392 (preview)

Маалыматка ылайык, кармалгандардын жанында 31 кутуга салынган 15 миң 500 таңгак өлчөмүндөгү (Milano маркасындагы) тамеки буюмдары түрүндөгү контрафакттык товар болгон.

Азыркы учурда аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) жана 239-беренеси (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияларды акциздик маркалары жана идентификациялоо каражаттары жок жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты