Тамчыда мөндүр аралаш жамгыр жаап, «Ысык-Көл» аэропортун суу каптады (видео)
- 1 год мурун
Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында 6-июлда мөндүр аралаш жамгыр жаап, «Ысык-Көл» аэропортун суу каптады.
«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мөндүр саркынды суулар агуучу түтүктөрдү жаап калып, натыйжада «Ысык-Көл» аэропортунун жүргүнчүлөрдү каттоочу бөлүгүн суу каптап кеткен.
Түзүлгөн кырдаал 30 мүнөттүн ичинде чечилген. Учурда аэропорт штаттык режимде иштеп жатат, каттамдарда кечигүүлөр болгон жок.
Муну бөлүшүү