Талкууга түшкөн Сүлүктүнүн балатысына канча каражат жумшалган? (Фактчекинг)

Талкууга түшкөн Сүлүктүнүн балатысына канча каражат жумшалган? (Фактчекинг)

Фейсбук колдонуучусу Асел Набиева Баткендин Сүлүктү шаарында орнотулду делген балатынын сүрөтүн жарыялады. Ал Сүлүктүдөгү балаты буга чейин социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган Таластын балатысынан да ашып кеткенин айтып, шаар мэри Болот Абдыжапаровго “ыраазычылык” айтып өткөн. 

Талкууга түшкөн Сүлүктүнүн балатысына канча каражат жумшалган? (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы социалдык тармактарда талкуунун чордонунда болуп жаткан Сүлүктүдөгү балатыны орнотууга канча каражат жумшалганын текшерип көрдү. 

Жогорудагы сүрөттөгү балаты Сүлүктү шаарынын борбордук стадионунда орнотулган. Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, балатынын узундугу 10 метрди түзөт. Жаңы жылдык балатынын оту 21-декабрда жандырылып, майрамдык концерт менен коштолгонун жергиликтүү “Шахтер жолу” редакциясы жазган.

“Шахтер жолу” редакциясынын жана мэр Болот Абдыжапаровдун Фейсбук баракчаларына жүктөлгөн сүрөттөрдөн балатынын кооздолгон көрүнүшүн көрүүгө болот. 

Талкууга түшкөн Сүлүктүнүн балатысына канча каражат жумшалган? (Фактчекинг)
Талкууга түшкөн Сүлүктүнүн балатысына канча каражат жумшалган? (Фактчекинг)

Болот Абдыжапаров балатынын кооздолуп бүткөндөгү сүрөтүн жүктөп, мынчалык пиар болорун ойлобогонун белгилеген. 

Мэр талкууга түшкөн сүрөттө балатынын кооздолуп бүтө электеги көрүнүшү экенин да белгилеген. Аны социалдык тармактын колдонуучулары жаңы орнотулуп баштаганда тартып алышкан. Чынында балаты түрдүү жасалгалар менен кооздолгонун кийинчерээк жарыяланган сүрөттөрдөн көрүүгө болот.

Канча каражат жумшалган? 

Быйыл Сүлүктүдөгү Жаңы жылдык балатыны орнотууга жана шаарды жасалгалоого жарыяланган тендерлерди Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтынан карап, таба алган жокпуз.

Шар мэри Болот Абдыжапаровго байланышканыбызда ал шаарды Жаңы жылдык жасалгалоого жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүнгөнүн айтты. 

“Быйыл Жаңы жылга карата шаарды жасалгалоого жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүнгөн. Анын ичинде балатыны орнотуу, кооздоо, шаар аймагындагы жалпы көрнөк-жарнак, күйүүчү каражаттар бар. Балатыга өзүнчө каражат бөлүнгөн эмес”,— деди Абдыжапаров.

Жыйынтык: Социалдык тармакта талкууга алынган сүрөттө Сүлүктүдөгү балатынын кооздолуп бүтө электеги көрүнүшү. Быйыл шаарды кооздоого жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом каралган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты